Сочиде 30 жаштагы аялды көрүстөндө зордуктап өлтүргөн кыргызстандык 19 жылга соттолду
RU

Сочиде 30 жаштагы аялды көрүстөндө зордуктап өлтүргөн кыргызстандык 19 жылга соттолду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сочиде 30 жаштагы аялды көрүстөндө зордуктап өлтүргөн кыргызстандык 19 жылга соттолду. Бул тууралуу Россия Федерациясынын Краснодар аймагы боюнча тергөө комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 20-августта кечинде муниципалдык көрүстөндүн аймагында мас абалында жүргөн 28 жаштагы Ж.ны көрүстөндүн жумушчусу деп ойлогон аял келген. Ал чоң энесинин мүрзөсүн табууга жардам сурап кайрылган.

Ж. аялды көрүстөндөн алысыраак алып барып, ошол жерден кол салып (бутуна 11ден кем эмес сокку урган), зордуктап, сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттерди да жасаган. Андан соң аялды муунтуп өлтүрүп, анын буюмдарын, анын ичинде банк картасын алып кеткен. Кийинчерээк азык-түлүк дүкөндөрүндө ал карта менен соода кылып жүргөн.

Сот отурумунда мигрант кылган иши үчүн өкүнүп, маркумдун апасынан кечирим сураган.

Жасалган кылмыштардын жыйындысы боюнча, белгиленген жазалар жарым-жартылай кошулуп, биринчи алты жылын эркинен ажыратуу менен 19 жылга эркинен ажыратылып, ал эми калган мөөнөтүн күчөтүлгөн режимдеги колонияда өтөп, 60 миң рубль өлчөмүндө айып салынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13671