Юрист: Орунбеков чек ара чыры боюнча билдирүүсү менен улуттук коопсуздукка зыян келтирди
RU

Юрист: Орунбеков чек ара чыры боюнча билдирүүсү менен улуттук коопсуздукка зыян келтирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Тажикстан менен чек арадагы кырдаал боюнча айткан сөздөрү үчүн жоопкерчиликке тартылып, эл алдында кечирим сурашы керек. Мындай пикирин юрист Таттуубүбү Эргешбаева Kaktus.kg редакциясына билдирди.

Маселе эмнеде?

24-июль күнү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде чек арага чектеш аймактардын тургундарынын ортосунда чыр орун алган.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, Ак-Сай-Көк-Таш унаа жолунун боюнда Кыргызстандын бир нече жараны - Ак-Сай айылынын тургундары жеке унаасы менен бара жаткан. Ошол эле маалда Ворух (ТР) анклавынан Хожай-Аало айылын көздөй бара жаткан Тажикстандын жарандарына тиешелүү 8 унаадан турган колонна жол менен бара жаткан. Тажикстандын жарандары өздөрүнүн унаалары менен Кыргызстандын жарандарынын унаасынын алдынан тосууга аракеттенип, анда эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда мушташ орун алган. Ал учурда жергиликтүү милиция келгенде тажик жарандары милицияга кол көтөрүшүп, унаасынын терезесин талкалап салышкан.

Эки өлкөнүн укук коргоо жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чыр-чатактын мындан ары курчуп кетпеши үчүн чараларды көрүштү. Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматы боюнча, эртеси окуя болгон жерде абал туруктуу болгон. Тараптар күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну макулдашты.

Бирок президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасына тескери маалымат калтырды. Ал Кыргызстандын жараны мас абалында тажикстандык жарандардын кортежин токтотуп, алардын унааларынын айнектерин таш менен талкалап, жаңжал чыгарганын жазган. Бир канча убакыттан кийин Орунбеков бул билдирүүсүн өчүрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берген эмес.

Орунбековдун сөзүн Ак-Сай айыл өкмөт башчысы Алимбек Сабиров жокко чыгарды.

"Биздин жаран аялы менен бара жаткан. Кортеж эки тарабына камера коюп айдап, унааны өткөрбөй койгон. Кыргыздар айланып өтүүгө аракет кылышкан. Жаңжал ушинтип башталган. Айыл тургунун сабап баштаганда Ак-Сайдан дагы эки кыргызстандык чуркап келип, аны коргоого аракет кылышкан. Тараптар жөн эле жолду бөлүшкө ала алган эмес. Мен мушташка катышкандардын баары менен жолуктум. Баары соо экен. Мен аялынан да сурасам, ал жолдошу ичпегенин айтты. Мен бардыгын экспертизадан өткөрбөй туруп адамдардын абалына комментарий берүүдөн алыс болуусун суранат элем", - деген Сабиров 24.kg агенттигине.

Орунбековдун сөзүн айыл тургундары да четке кагышты.

"Тажикстандын социалдык тармактарында Орунбековдун сөзүнө таянып бизди кылмышкер, аракеч деп аташат. Элден кечирим сурап, өз баракчасына чындыкты жазсын", - деди жергиликтүү тургун Bulak.kgге курган маегинде.

Белгилей кетсек, Орунбековдун жаңжалды кыргызстандык баштаган деген версиясы тажик тараптын версиясы менен дал келет.

Тажик коомчулугунда президенттин маалымат кызматынын жетекчисине шилтеме кылып "кыргыз тарап күнөөсүн мойнуна алды" деген маалымат тарады.

Ошентип президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматынын жетекчисинин билдирүүлөрү Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын позициясына карама-каршы келет жана Тажикстандын позициясы менен дал келет.

Орунбеков өзү бул жагдай боюнча комментарий бере элек.

Ал арада социалдык тармактарда айрым колдонуучулар Орунбековду колдогон билдирүүлөрдү жазып жатышат. Мындай билдирүүлөрдүн бирин УТРКнын кызматкери Усубалы Мабметов жазып чыккан. "Чекит Медиа" иликтөөсүнүн маалыматына таянсак, Мамбетов телекомпаниянын SMM бөлүмүн жетектейт, ал чындыгында "фейк фабрика" жана Орунбековдун буйругу менен иштейт.

Юристтин комментарийи

Юрист Таттуубүбү Эргешбаева күнөөлүүлөрдү издөө укук коргоо органдарынын компетенциясына кирерин айтып, кыргыз жаранын чек арада жаңжал чыгарды деген далили жок эле айыптап, Орунбеков кыргыз тараптын беделине доо кетирген бир нече одоно катачылыктарды жасаганын билдирди. Ал эл алдында кечирим сурап, кызматтан кетиши керек дейт юрист.

"Мамлекеттик чек ара тилкелерин аныктоо жана талаштуу аймактардагы кагылышуулардын айланасындагы маселелер өтө кылдат жана мамлекеттер аралык мүнөзгө ээ. Акыркы он жылда 150дөн ашык чыр-чатактар катталса, анын экөө оор курал колдонуу менен болгон. Жоготуулар эки тараптан тең болгон.

Президенттик аппараттын өкүлү, өзгөчө мамлекет башчынын басма сөз кызматынын жетекчиси кандайдыр бир позицияны билдиргенде ал өзүнүн жарандык жана расмий позициясын гана билдирбестен, Кыргызстандын президентинин позициясын билдирет. Ал өз постунда Кыргызстандын жаранын мас абалында болуп, мушташка себепчи болгон деп айыптоодо. Бирок бул сөздөргө эч кандай далил жок. Соттук-медициналык экспертиза кыргыз жараны мас абалда болгонун далилдей алган эмес жана да Ички иштер министрлиги бул жаңжалды кыргыз жараны баштаган деп баа берген эмес.

Анын милдети жөн гана жарандардын ортосунда кагылышуу болуп, ыйгарым укуктуу органдар баасын берерин жазып коюу эле. Ушуга гана токтолушу керек болчу, бирок Орунбеков ИИМге жана соттук-медициналык экспертизанын алдын ала позициясын билдирген болуп калды. Бул бийликти кыянаттык менен пайдалануу болуп саналат.

Орунбеков курч теманы козгоп, жарандарыбыздын, өзгөчө Баткен районунун тургундарынын ар-намысына шек келтирүүдө. Мен муну чоң чыккынчылык деп эсептейм.

Жок дегенде административдик эскертүү бериш керек деп ойлойм. Саясий жана расмий адам үчүн бул чоң мааниге ээ. Же аны кызматтан кетириш керек, эгер президенттик администрациянын эрки болсо анда Орунбековго карата тынчтыкка каршы чагымчылдык, мамлекеттик кызыкчылыктын аракеттери боюнча кылмыш иши козголушу керек.

Ал президенттик аппараттын мүчөсү катары өтө чоң ката кетирип, улуттук коопсуздукка чоң зыян келтирип, президентке жана анын аброюна шек келтирди.

Буга ылайык, Орунбеков өз атынан коомчулуктан кечирим сурап, өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек", - деди юрист Kaktus.kg сайтына.

Эске салсак, 24-июль күнү кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыккан. Анда тажик жарандары кыргыз милициясына кол салышкан. Кийин эки өлкөнүн тиешелүу кызматтары абалды тынчытып, тажик тарап келтирилген зыянды кабылына келтирүүнү убадалаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13682