Катуу шамал көлдө сүзүп жүргөн 3 баланы жээктен 1 чакырым алыстыкка айдап кеткен. Видео
RU

Катуу шамал көлдө сүзүп жүргөн 3 баланы жээктен 1 чакырым алыстыкка айдап кеткен. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө эс алып жаткан 3 баланы шамал жээктен бир топ аралыкка айдап кетти. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, милиция кызматкерлери аларды куткарып калышты.

Такталгандай, 27-июлда балдар көлдө үйлөмө матрацтар менен сүзүп жүрүшкөн, ата-энеси жээкте отурган. Капысынан катуу шамал болуп, толкун балдарды көлдүн терең жагына, жээктен 1 чакырым алыстыкка айдап кеткен. Милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундун кайыгы менен балдарды көл жээкке чыгарышты.

Эс алуучулар Ош облусунун Кара-Суу айылынан болушат. Милиция кызматкерлери балдар жана алардын ата-энеси менен профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13688