Президент УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча жаңы имаратын ачты. Сүрөттөр
RU

Президент УКМКнын Ош облусу жана Ош шаары боюнча жаңы имаратын ачты. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчы өз сөзүндө Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин, тактап айтканда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыктарынын өлкө тарыхындагы олуттуу ролун айтып өттү. Президент Совет мезгилинен бүгүнкү күнгө чейинки маанилүү окуяларды белгилеп, алардын республикадагы туруктуулукту сактоодогу иштерине кеңири токтолду.

Ошону менен бирге Садыр Жапаров бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө оор кырдаал күчөп, анын кесепеттери мамлекеттер үчүн, анын ичинде улуттук коопсуздук маселелеринде жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды жаратканын бөлүп айтты. Президент буга байланыштуу тармактык органдардын кызматкерлерине карата талаптар да өсүп жатканын, алардын иши саясий жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, аймактык бүтүндүктү сактоо жана бул багыттагы иш-чараларды күчөтүү боюнча милдеттер менен көбөйгөнүн белгиледи. Мамлекет башчы бардык маселелерге өлкө жетекчилиги тарабынан комплекстүү көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын эски имараты 1979-жылы курулуп, анда мезгил-мезгили менен пландуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келген. Башкармалыктын кызматкерлеринин ишине заманга ылайык шарттарды түзүп берүү максатында өткөн жылы 2836 чарчы метрди түзгөн 3 жаңы имарат курулуп баштаган.

Бүгүнкү күндө объекттердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилип жатат.

Президент жаңыланган шарттар регионалдык башкармалыктын кызматкерлерине жаңы дем-күч берип, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген бекем ишенимин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13714