Азат Равшан уулу апасынын коррупциялык ишке эч кандай тиешеси жок экенин айтты
RU

Азат Равшан уулу апасынын коррупциялык ишке эч кандай тиешеси жок экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан уулу өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу УКМК тарабынан айтылып жаткан коррупциялык иштерге апасы Салкынай Алимбаеванын эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.

Ошол эле учурда Азат Равшан уулу апасы үй камагына чыгарылганын тастыктады.

"Апам Салкынай Алимбаева кечээ оор операциядан кийин СИЗОнун ооруканасынан чыгарылды. Ал айыга элек, ага дагы бир операция жана дарылоо талап кылынат. Апам эч себепсиз УКМКнын СИЗОсунда эки ай жатып, ден соолугу начарлап кетти.

Ошондой эле белгилеп кетким келет, апам эч кимге материалдык зыян келтирбегендиктен эч кандай компенсация төлөгөн эмес жана жер боюнча коррупциялык иштерге эч кандай тиешеси жок. Апамдын камалышы атам Равшан Жээнбековдун саясий позициясына жана NEXT TV көз карандысыз медиасынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу", - деди Азат Равшан уулу.

Эске салсак, 25-майда УКМК кызматкерлери Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаеваны камакка алышкан. Колдо болгон маалыматтарга караганда, ал Бишкек шаарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз ыйгарып алган деп шектелүүдө.

26-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Алимбаеваны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Салкынай Алимбаева коррупциялык жол менен жеке ишкерлерге кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча тендерди утуп алууга жардам берген деп айыптоодо. 30-июлда Салкынай Алимбаева үй камагына чыгарылганы белгилүү болду: соттун басма сөз кызматы келтирилген материалдык чыгым толугу менен толтурулду деп ишендирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13729