Орто кесиптик билим: 9-класстын базасында колледжди тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?
RU

Орто кесиптик билим: 9-класстын базасында колледжди тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кезинде орто кесиптик билим берүү системасы негативдүү кабыл алынып келген. Лицейге институтка тапшыра албай калган бүтүрүүчүлөр тапшырышчу. Ошого карабастан, билим берүүнүн деңгээли жогору болчу. Ал эми Кыргызстандагы билим берүү тармагында реформалар жүргүзүлгөндөн кийин лицейлер жаңы мүмкүнчүлүк алып, алардын колледжге болуп өзгөрүүсү Орто кесиптик билим берүүгө жаңыча көз караш менен кароого шарт түздү. Батышта, колледж - бул билим алуудагы баскычтардын бири. Ошондуктан ата-энелерде колледж системасы жакшыраак билим берет, деген пикир калыптана баштаган. Бул чынында ошондой!

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы орто кесиптик билим берүү системасы каалаган профиль, программа жана капчыкка жараша бир катар колледждерди сунуштай алат. Улуттук статкомдун берген отчетуна ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда 138 Орто кесиптик билим берүүчү мекемелер бар. Ата-энелер үчүн чоң эле тандоо бар бекен?

Жаңылып калбай керектүү колледжди кантип тандоо керек?

  • Балаңыз менен бирге профориентациялык тесттен өтүңүз. Тогузунчу класс окугандар ким болгусу келгенин жакшы билишпейт, жана терминдерди түшүнө бербейт. Профориентациялык тесттер абдан көп, эң популярдуу порталдардын бири болочок абитуриентке жардам берет.
  • Тесттин жыйынтыгы чыккандан кийин балаңыз менен жайдары отуруп сүйлөшүңүз.
  • Келечекте ким болууну каалайсың, деп сураңыз. Эмнеге кызыгат? Өзүн кандай элестетет? Сүйлөшүп отуруп, негизги суроого жооп аласыңар.
  • Эми колледжди табыш керек. Биз сунушталган программалардын спектрине, академиялык курамына, рейтингине жана мекеме тууралуу пикирлерге, окууну бүткөндөн кийин жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө, эл аралык кызматташуусуна, колледждеги шарттарга жана балаңыздын социалдык жактан өнүгүүсү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурууну сунуштайбыз.
  • Тандап алган окуу жайдын сайтына кирип маалымат издеңиз. Окууга тапшыруу шарттары, бюджеттик жана контрактык орундардын саны тууралуу билиңиз. Кошумча суроолоруңуз болсо, окуу жайдын өзүнө балаңыз менен барып келиңиз.

Бүгүнкү күндө ар бир абройлуу жогорку окуу жайдын алдында өзүнүн орто кесиптик мекемеси башкача айтканда колледжи бар. 2013-жылы Кыргызстандын жогорку окуу жайлардын ичинен топ ондугуна кирген мекемелердин бири - "Ала-Тоо Эл аралык университети" 9-11-класстардын базасында өзүнүн колледжин ачкан.

IT & Business College "Ала-Тоо университетинин" эң мыкты сапаттарын өзүнө камтыйт.

  • Окутуунун заманбап методикасы.
  • Теория жана практиканын айкалышы.
  • Суроо-талап жогору болгон окутуу программасы.
  • Окутуу тилдеринин түрдүүлүгү.
  • Инновациялар жана креативдүүлүк.
  • Сапаттуу билим.
  • Колледжди бүтүргөндөн кийинки перспективалар.

IT & Business College "Ала-Тоодо" сабак англис тилинде окутулат. Мындай көрүнүш бүтүрүүчүлөрдү эл аралык эмгек рыногуна чыгарат. Колледж сапаттуу билим алып, адискөй жөндөмдөргө ээ болуу үчүн суроо-талап эң жогору болгон беш программаны сунуштайт:

  • Маркетинг.
  • Экономика жана бухгалтердик эсеп.
  • Компьютердик системалар жана комплекстер.
  • Компьютердик-графикалык дизайн.
  • Эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу.

Профессордук-окутуу курамга Кыргызстан, Улуу Британия, АКШ, Россия жана Түркиянын адистери кирет. Ошону менен колледжде мультимаданий чөйрө түзүлөт.

Колледждин студенттеринин карамагына университеттик шаарча кирет, анда эн алдыңкы жондөмдөргө үйрөнүу үчүн заманбап техникасы бар окуу корпусу, спорттук секциялар, илимий клубдар, кружоктор, китепканалар, ашкана, кафетерий, кофейня жана лаундж зоналар бар.

Абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн төмөндөгү шилтеме аркылуу 360° форматтагы онлайн-экскурсия жеткиликтүү.

IT & Business College'ине өтүү үчүн математика жана англис тилинен кирүү экзаменин тапшыруу керек. Экзамендердин тартибин билип, каттоодон өтүу үчүн колледждин сайтына кирип көрсөңүз болот.

Абитуриенттер жана ата-энелер IT & Business College окууга өтүү боюнча кошумча суроолоруна жоопту +996 709 50 54 77 телефон номери аркылуу же Бишкек шаары, "Тунгуч" кичирайону, Анкара көчөсү 1/8, блок С, 2-кабат, 208-кабинет дарегине келип алсаңыз болот.

Балдарыңызга татыктуу келечек тандаңыз! Ийгилик силерге урматтуу абитуриенттер!

Урматым менен, "Ала-Тоо" Эл аралык университетинин IT & Business College

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1372