Президенттин 50 миң долларга чейинки стипендиясын быйыл кимдер алат? Тизме
RU

Президенттин 50 миң долларга чейинки стипендиясын быйыл кимдер алат? Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Республикалык комиссия 2023-2024-окуу жылына талапкерлерди бекитти.

Ага ылайык, быйыл биринчи окуу жылында төмөнкүлөр стипендия алат:

  • Абабакиров Нуршат Абдисаламович – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Абдинабиева Сапаргүл Абдинабиевна – Сассекс университети, "Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат" программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура;
  • Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
  • Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, "Маалыматтык менеджмент жана системалар" программасы боюнча магистратура;
  • Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.
  • Жакыпбекова Бермет – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура;
  • Ибраимов Чыңгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Камчыбекова Мээрим Камчыбековна – Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура;
  • Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура;
  • Осмонова Алина Арслановна – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, "Бизнес-аналитика" багыты боюнча магистратура;
  • Тураткан кызы Жаңылай – Дьюк университети, "Дисциплиналар аралык маалымат илимдери" боюнча магистратура;
  • Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;

Ал эми экинчи окуу жылында 4 адамга стипендия берилет:

  • Кадырова Айдай Кадыровна – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Шаршенова Альбина Уранбековна – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;
  • Исаева Эльвира Жумакалыевна – Копенгаген университети (Дания), "Коомдук саламаттыкты сактоо" жаатында PhD;
  • Эдилбаев Алмаз Айдарбекович – Техас университети, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров негиздеген "Эл үмүтү" стипендиясынын суммасы 50 миң долларга чейин болушу мүмкүн, бирок сумма тандалган университетке жараша болот. Стипендия алуудагы артыкчылык - алдыңкы 100 чет элдик окуу жайлардагы техникалык жана инженердик багыттарына берилет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13775