Казакстанда 11 жаштагы кызын зордуктоого шектелген жаран бычылмай болду
RU

Казакстанда 11 жаштагы кызын зордуктоого шектелген жаран бычылмай болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда мурдагы аскер кызматкери жашы жете элек кызын бир нече жолу зордуктаганы үчүн химиялык бычууга кесилди. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазат.

Мындай өкүмдү Актау гарнизонунун мурдагы аскер кызматкерине карата Астанадагы кылмыш иштери боюнча адистештирилген райондор аралык аскер соту чыгарды. Жабырлануучу 11 жаштагы кыз.

"Соттун өкүмү менен мурунку аскер 120-берененин 4-бөлүгүндө "Жашы жете элек баланы зордуктоо", 121-берененин 4-бөлүгүндө "Жашы жете электерге карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" жана 3-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылды. Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси боюнча кылмыш-жаза-аткаруу тутумунун өзгөчө коопсуздук мекемесинде кармоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу, ошондой эле өкүмдө химиялык бычуу түрүндөгү мажбурлоо чараларын колдонуу каралган", - деп билдирди Казакстандын Башкы Аскердик прокуратурасынын басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, сот киши аскер кызматын өтөп жүргөндө өзүнүн 11 жаштагы кызынын алсыз абалынан пайдаланып, бир нече жолу сексуалдык зомбулук көрсөткөнүн аныктады. Соттолуучунун күнөөсү жабырлануучунун жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы жана кылмыш ишинин башка материалдары менен толук далилденген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13797