Акылбек Жапаров Кытай элчисине келечекте курула турган ГЭСтердин ордун көрсөттү. Видео
RU

Акылбек Жапаров Кытай элчисине келечекте курула турган ГЭСтердин ордун көрсөттү. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сары-Жаз суусуна ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруу аракети жанданды. Бул туурасында Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, Сары-Жаз суусуна 1100 МВт кубаттуулукта 6 ГЭС куруу планы 1982-1987-жылдары иштелип чыккан. Эгемендик алган жылдары аны ишке ашыруу аракети ушул кезге чейин токтоп турган.

Долбоорду ишке ашыруунун кадамдары башталып, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сары-Жазга барып, курула турган ГЭСтердин ордун карап чыкты. Аны менен бирге Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь да барды.

Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайга иш сапары менен барат, анын алкагында Сары-Жаз суусуна курула турган ГЭСтер боюнча кытайлык инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзөт.

Мамлекет ГЭСтерди куруу үчүн жеңилдетилген шарттарды түздү. Кыргызстан суу ресурсунан электр энергиясын алуу мүмкүнчүлүгүнүн болгону 10%ын гана пайдаланат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13803