Бишкектеги №87-мектептин окуучусу эсин жоготуп, ооруканага баратканда каза болду
RU

Бишкектеги №87-мектептин окуучусу эсин жоготуп, ооруканага баратканда каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №87-орто мектептин окуучусу ооруканга баратып каза болду. Свердлов районунун ИИБси Kaktus.media редакциясына бул фактыны тастыктады.

Белгилүү болгондой, окуя 2021-жылдын 11-мартында болгон. Болжол менен 09:19да Свердлов районунун ИИБсине №87-орто мектептин окуучусу эсин жоготуп, оорукананын кардиологиялык бөлүмүнө бараткан учурда үзүлдү деген билдирүү келип түшкөн.

Бул факт бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Ошол күнү, 2009-жылы туулган Г.Г. эртең менен мектепке келген. Сабак учурунда эсин жоготуп, жыгылып калган. Информатика сабагынан берген мугалим С.М. дароо мектеп медайымын чакыртып, ал биринчи медициналык жардамын көрсөткөн. Болжол менен 08:10до окуучу кыздын апасы И.О. мектепке келип, анын абалын көрүп, Республикалык оорукананын кардиологиялык бөлүмүнө алып жөнөйт. Бирок окуучу жолдон баратып үзүлөт", - деп ИИБден айтып беришти.

Андан тышкары 2015-жылы окуучу кыздын жүрөгүнө операция жасалганы маалым болду.

"Анын жакындары соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышты. Г.Г.нин денесинде эч кандай физикалык зыян келтирүүдөн белгилер болгон эмес", - деп Бишкектин Свердлов райондук ИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1382