Ысык-Көлдө 23 жаштагы жигит каза болду. Анын өлүмү боюнча эки түрдүү пикир айтылууда
RU

Ысык-Көлдө 23 жаштагы жигит каза болду. Анын өлүмү боюнча эки түрдүү пикир айтылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө 23 жаштагы Бекболот аттуу жигит 5-августтан 6-августка караган түнү каза болду. Анын сөөгү таңга маал "Золотые пески" пансионатынын пляжынан табылган. Ошол эле учурда жигиттин өлүмү боюнча версиялар ар башка: маркумдун бир тууганы өлүмгө белгисиз адамдардын ур-токмогу себеп болгонун айтууда. Милициядагы өздүк булак эч кандай массалык мушташ болбогонун, жигит башка себептерден улам каза болгон дейт.

Маркумдун бир тууганы жана досторунун версиялары

Маркумдун улуу агасы Эмир иниси менен достору жакында эле Ысык-Көлгө эс алганы барганын айтып, видео кайрылуу жасады. Анын айтымында, иниси достору менен 5-августтан 6-августка караган түнү "Золотые пески" пляжында сейилдеп жүрүп, топ болуп жүргөн жети-сегиз балага жолугуп калышкан. Болжолдуу түрдө массалык мушташ чыгып, анын кесепетинен иниси эсин жоготуп, андан соң каза болгон.

"Милиция кызматкерлери иним талма оорусунан улам тилин жутуп каза болгонун айтышты. Бирок андай эмес, ал спортчу болгон, эпилепсиясы жок болчу", - деди маркумдун агасы.

Ушундай эле версияны маркумдун достору да айтышты. Алар тиешелүү органдарга кайрылып, чара көрүүнү суранышат.

Ошол эле маалда Эмир бул мушташты көргөн же тасмага тартып алган күбөлөрдү жардам сурады.

Буга жооп катары айрым колдонуучулар ага окуяга эч кандай тиешеси жок болгон массалык мушташтын видеосун жөнөтө башташты. Скриншотто көрсөтүлгөн мушташ чындап эле Ысык-Көлдө болгон, бирок 3-июлда Бостериде эмес, "Акун" пансионатынын жанында болгон. Бул маалыматты Kaktus.media сайтына Ысык-Көл ОИИБинен тастыкташты

Милициядагы өздүк булактын версиясы

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы бул окуя боюнча расмий комментарий бере элек. Бирок бул иштин айрым чоо-жайын Kaktus.media сайтына Ысык-Көлдөгү укук коргоо органдарындагы булак билдирди. Айтымында, маркумдун катышуусунда мушташ болгон эмес - муну соттук-медициналык эксперттер маркумдун денесинен көгала тактарды жана гематомаларды таппаганы көрсөтүп турат.

Белгилүү болгондой, Бекболот эки досу менен эс алып жүргөн. Милиция кызматкерлеринин божомолу боюнча, түндө алар мас болуп, көл жээкке сейилдеп кетишкен. Бир аздан кийин Бекболотовдун досторунун бири уктоо үчүн жээктен кетип калган. Саат 04:00гө жакын жигит алкоголдук ичимдиктен ууланып, анын кесепетинен эпилепсия болуп, тилин жутуп каза болгон имиш. Мунун баары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен тастыкталганын милициядагы булак айтууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13832