Алымкадыр Бейшеналиев: "Ал жер деле жакшы. Бир аз отуруп, эс алып алам, мемуар жазам"
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: "Ал жер деле жакшы. Бир аз отуруп, эс алып алам, мемуар жазам"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Уу коргошун менен дарылагандыгы үчүн ага карата кылмыш иши козголсо кандай кабыл аласыз? - деген суроо менен Kaktus.media'нын редакциясы Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиевге кайрылды.

Анын айтымында "кыргыздар байыркы замандан бери уу коргошун менен колдонуп келишкен жана колдоно беришет".

"Бирок министр болбой калсам да бары бир уу коргошундун тундурмасы менен дарылоону уланта берем. Мен хирургмун да", - деп Бейшеналиев жооп берди.

Ага карата кылмыш иши козголо турган болсо эмне кыласыз, деген суроого министр мындай жооп кайтарды:

"Отурам. Ал жер деле жаман эмес. Мен президентке барганымда шарттарын көргөм. Отурам, эс алам, мемуар жазам", - деди министр.

Саламаттыкты сактоонун жетекчиси бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары Социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим боюнча комитеттин ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча чечими үчүн добуш бериши керек болчу, деп кошумчалады.

"Жыйын өтпөй калыптыр. Ошондуктан уу коргошун эффективдүү экенин далилдөө үчүн дагы бир нече күнүм бар экен", - дейт Бейшеналиев.

  • 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев түз эфирде уу коргошунду ичип, анын тундурмасын президент Садыр Жапаров экөө бирге кайнатып жатканын маалымдаган.
  • Андан бир күн мурун Садыр Жапаров Өзүнүн социалдык баракчасына, биздин дарыгерлер коронавирусту баштапкы стадиясында дарылай турган ыкмасын тапты, деп жазган.
  • Президент Садыр Жапаровдун аппараты уу коргошундун тундурмасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынада кайнатылат, деп билдирди.
  • Эксперттер бул өсүмдүктү дарылыкка колдонуу өтө кооптуу, беш мүнөттүн ичинде өлүмгө алып келет, деп айгай сала башташты. Активисттер Саламаттыкты сактоо министрине карата кылмыш ишин козгоп, президентке импичмент жарыялоону сунушташты.
  • Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы бөлүмү Aconítum soongáricum (уу коргошун) тууралуу расмий билдирүүсүн таратып, анда клиникалык изилдөөлөрдөн өтө элек препаратты калк арасында кеңири колдонууга сунуштоо туура эмес, деп жазылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1383