Кара-Көл-Таш-Көмүр жолундагы кырсык. Рулдагы аял окуянын кандай болгонун айтып берди
RU

Кара-Көл-Таш-Көмүр жолундагы кырсык. Рулдагы аял окуянын кандай болгонун айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таш-Көмүр - Кара-Көл жолунда июль айынын аягында автокырсык катталган. Анда унаа жардан түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1 аял, кийинчерээк бир бала каза болгон.

Айдоочу жол кырсыгы боюнча өзүнүн версиясын айтты

Унаанын айдоочусу кырсыкка жол кызматкерлерин күнөөлөйт. Анын айтымында, жолго щебень (майда уратылган таш) төгүлгөн, ал унааны тартып кеткен. Рулдагы аял менен кызы аман калган. Айдоочу каргашалуу окуяны Kaktus.media сайтына мындайча эскерди.

"25-июль күнү саат 11:00 чамасында Аксыдан Бишкекти көздөй жөнөдүк. Кара-Көлгө саат 15:30дар чамасында жетип келдик. Мен 2020-жылы чыккан электромобилди айдап бара жаткам. Жолдун ортосуна шагыл төгүлүп, бордюрду тосуп калыптыр. Шагылдан улам унаа тайгаланып, сайга алып түшүп кетти. Кудай сактады бизди. Машинада кайненем бар болчу, 68 жашка чыкмак. Кайын сиңдимдин кызы бар болчу. Экөө тең мерт кетти, алар арткы орундукта отурушкан. 22 жаштагы кызым алдыда отурган, коопсуздук курун тагынганбыз", - дейт.

Ал кошумчалагандай, унаа жаңы болгон, эч жеринде мүчүлүштүк жок болчу.

"Унаа 3-4 жолу оодарылганын билем. Бир убакта көзүм көрбөй калды. Эмне болду? Ким бар? деп кыйыкырып жаттым. Бир убакта көзүмдү ачсам эл бизди алып чыгышкан экен.

Биринчиден, элиме рахмат. Баары колмо-кол тизилип, бизди ал жактан алып чыгышты. "Тез жардам" кызматы Кара-Көл шаарынын ооруканасына алып барды. Ал жерде реанимацияда жаттым, биринчи жардам көрсөтүштү. Бардык ак халатчандарга рахмат. Ошол жерден ойгонуп, жээнимдин комада жатканын көрдүм. Кызым эс-учун билбей жанымда жаткан. Көрсө, ичиме кан толуп калыптыр, ичимди жарыптыр. Ушундай абалда алты күн реанимацияда жаттым. Ал жерден атайын "Тез жардам" унаасы менен Бишкекке алып келип, клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырышты. Беш күн реанимацияда жаттым, азыр палатадамын", - дейт жабырлануучу.

Бул окуя боюнча укук коргоо органдарынан же жолчулардан эч ким келген эмес деп нааразы болду.

"Жолду тазалагандар да, милиция кызматкерлери да эмне себеп болду деп келишкен жок. Бул жол жасагандардын күнөөсүү деп эсептейм. Бул трассада дагы жапа чеккендер болот. Ушундай калтырса болобу?! Эч кандай жол белгиси болгон эмес. Жумушчулар жок болчу. Трактор шагылды алып келип, төгүп койгон, ошону менен бордюрду тосуп калган. Ал жерден ар бир эле унаанын ылдыйга түшүп кетүү коркунучу бар", - деди ал.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен жооп

Министрликтен Kaktus.media сайтына билдиргендей, ведомство кырсык болгон жерди иликтеп, корутундусун берүүгө ниеттенүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13843