2023-жылдын июль айы 120 000 жыл ичиндеги эң ысык ай болгону айтылды
RU

2023-жылдын июль айы 120 000 жыл ичиндеги эң ысык ай болгону айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюму 2023-жылдын июль айындагы орточо глобалдык температура рекорддук көрсөткүчкө жеткенин, бул акыркы 120 000 жылдагы эң жогорку температура болушу ыктымал деп билдирди. Мындай маалымат БУУнун сайтында айтылат.

"Биз 2023-жылдын июлундагы орточо температура эң жогорку болгондугун тастыктайбыз" деген Саманта Берджесс, "Коперник" климаттын өзгөрүшү боюнча кызматынын директорунун орун басары.

Анын айтымында, анализдөөнүн негизинде "акыркы 120 миң жылда мынчалык ысык болгон эмес" деген тыянак чыгарууга болот. Ошондой эле быйыл деңиз бетинин температурасы боюнча дүйнөлүк рекорддор жаңырган. Июль айында океандын үстү 1991-2020-жылдардагы орточо көрсөткүчтөн болжол менен 0,51 градус Цельсийге жылыган деген ал.

Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюмунун өкүлү Крис Хьюитт акыркы 170 жылдагы эң ысык мезгил 2015-2022-жылдарда болгонун айтат.

Крис Хьюитт мунун себебин атмосферадагы парник газдарынын концентрациясынын көбөйүп, рекорддук чекке жеткени менен түшүндүрөт.

Башкы беттеги сүрөт: Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюму/Энеко Перес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13865