Call-борбор: Жаңы-Пахтада таштанды таштоочу жайдын жоктугунан парктын чети толуп калган
RU

Call-борбор: Жаңы-Пахтада таштанды таштоочу жайдын жоктугунан парктын чети толуп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.kg рекдакциясына окурман кайрылып, Сокулук районунун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүндө таштанды таштоочу жай жок, ар ким каалаган жакка ыргытат деп нааразы болду.

"Биздин айылыбыз чоң. Бирок таштанды таштоочу жайыбыз жок же чыгарып кеткен ишкана жок. Жашоочулар таштандыларды ар кайсы жакка таштаганга, өрттөгөнгө мажбурбуз. Жашылча, өсүмдүктөрдүн калдыктарын кошунабыздын тоокторуна беребиз. Кээде чогулткан таштандыларды жаныбыздагы айылдын таштанды талаасы бар, ошол жакка ыргытабыз.

Жер үйлөрдөн тышкары 2 кабаттуу үйлөр да бар. Андагы жашоочулар канализация иштебегендиктен парктын бир четине даараткана салышып алган, таштандыларын дагы ошол жакка төгүшөт. Аны эч ким тазалабайт", - дейт.

Таштанды чыгаруу маселеси 2-3 жыл мурда каралганын, бирок жергиликтүү бийлик кош көңүл мамиле кылганын кошумчалады айыл тургуну.

"2-3 жыл мурда таштанды чыгара турган жеке компания менен сүйлөшүүлөр болгон. Анда айына 100 сомдон деп келишишкен. Бирок жергиликтүү кеңештин депутаттары колдогон эмес. Көпчүлүк тургундар дагы макул болбой, таштандыларын чыгарбай коюп, жеке компания бир жылга жетпей банкрот болуп, кетип калган", - деп нааразычылыгын айтат окурман.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13866