Илимпоз Гүлзат Аалиева камакка алынды. Ал Facebook аркылуу теңирчиликти жайылтып келген
RU

Илимпоз Гүлзат Аалиева камакка алынды. Ал Facebook аркылуу теңирчиликти жайылтып келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБсинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБсине ушул жылдын 19-февралында Д.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси "Фейсбук социалдык тармагы аркылуу дин жана аймактар ​​аралык кастыкты козуткан Гүлзат Аалиева аттуу жаранга чара көрүүнү суранам" деп жазган.

Бул факты КЖБРдин 313-берене "расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү 1973-жылы туулган Гүлзат Аалиева тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары Аалиеванын жарыялаган билдирүүлөрүнүн мазмуну боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти аталган райондун басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, Гүлзат Аалиева Facebook социалдык тармагы аркылуу теңирчиликти активдүү жайылтып келген. Андан тышкары өзүнүн публикацияларында диний ишмерлерге, өзгөчо ислам дининин өкүлдөрүнө сын пикирин билдирип келген. Аалиеванын камакка алынышы активисттердин терс реакциясын жаратты.ж Алардын айтымында Аалиева динге сын айткан эмес, ал айрым диний ишмерлердин иш аракетин сындаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1386