Накталай эмес төлөмгө өтүү чечиминен улам троллейбустун айдоочулары иштен кетип жатышат
RU

Накталай эмес төлөмгө өтүү чечиминен улам троллейбустун айдоочулары иштен кетип жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 20-августтан тартып коомдук муниципалдык транспорттордо жол кирени накталай төлөө токтотулат. Шаардык мэриядан жол кире "Тулпар" карталары, VISA жана ЭЛКАРТ, виртуалдуу NFC карталары жана "Тулпар", Balance тиркемесинде QR сканерлөө аркылуу төлөнөрүн айткан.

Мэриянын бул чечиминен улам троллейбустун айдоочулары массалык түрдө иштен кете башташты.

Айдоочулардын айтымында, алар электрондук билет системасынын өзүнө каршы эмес, аны менен иштөө аларга дагы ыңгайлуу. Болгону электрондук төлөмгө өтсө кирешеси мурдагыдай болбой калат, андыктан айлык акыны көтөрүүнү талап кылышууда.

Айдоочулар жол кирени чогултуунун күнүмдүк планын аткарып, аны Бишкек троллейбус башкармалыгы (БТУ) муниципалдык ишканасынын кассасына тапшырышат. Андан ашканын өздөрүнө алып калышчу. Алардын айтымында, бул аз айлыкка кичине да болсо кошумча болчу.

"Биздин айлыгыбыз мурда 18 миң сом болчу, жакында эле бир аз көтөрүлүп, 20 миң сомдон 25 миң сомго чейин ала баштадык, ушул акчага жашоого болобу?", - дешет айдоочулар.

Алар мындай айлыкты план толук аткарганда гана аларын, бирок баары эле планды аткара албай каларын айтышат.

Айлык маселеси боюнча буга чейин Бишкек троллейбус башкармалыгында жыйын болуп, анда сентябрь айынан баштап эмгек акы 50 миң сомго чейин көтөрүлөрүн жетекчиси убадалаган. Тагыраагы, айдоочулар колуна 40 000 сомдой алышат.

Бирок айдоочулар айлыкты 60-70 миң сомго чейин көтөрүүнү талап кылышып, болбосо иштен кетерин айтышат. Бүгүнкү күндө 80 айдоочу арыз жазды дешет.

Айдоочулардын талаптары аткарылабы?

Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талантбек Капаров Kaktus.media маалымат агенттигине билдиргендей, ишканада жалпысынан 770 кызматкер болсо, анын 270и айдоочу жана бир гана айдоочулардын маянасын жогорулатып жатканын айтты.

Капаровдун айтымында, 80 эмес, 30-40 айдоочу жумуштан кетүү боюнча арыз жазган.

"Башка айдоочуларды жарыя аркылуу жумушка алабыз, айлыгы 50 миң сом. Кыргызстанда бул чоң айлык. Анан да жаңы жылга чейин 4 ай ушул айлыкка иштеп тургула дедик. 2024-жылы айлыкты көтөрүү дагы каралышы мүмкүн", - деди ал.

Башкармалыктын директору накталай эмес төлөм киргизилгенден кийин ишкананын бюджетине түшкөн кирешелердин эсебинен айлык жогорулатыларын белгиледи.

Белгилей кетсек, мэрия айдоочуларды жумушка кабыл алууну жарыялады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13889