Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди таанышы уруп, тепкилеп, тоноп кеткен
RU

Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди таанышы уруп, тепкилеп, тоноп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда 24 жаштагы келинди таанышы сабап, тоноп кеткен. Кылмышка шектүү изделип жатканын облустук милициядан кабарлашты.

Такталгандай, 28-июлда саат 23:30 чамасында Жалал-Абад шаарынын 24 жаштагы Ж.К. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал көп кабаттуу үйлөрдүн биринде А. аттуу таанышы мас абалында уруп, тээп, муунтуп денесине жаракат келтирип, Redmi 9А телефон жана МБанк электрондук картасынан 52900 сом акча каражатын тартып алгандыгын билдирген.

Натыйжада Ж.К. алган жаракатынан улам облустук бириккен клиникалык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Бул факты боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан 206-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча иш козголгон.

Териштирүү иштеринин жүрүшүндө келинди сабаган жаран Ош облусунун Кара-Суу районунун 31 жаштагы А.Х. аттуу тургуну экени такталды. Учурда жашаган, жүргөн жерин аныктоо үчүн тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген.

Ал эми социалдык тармакта 24 жаштагы келин 29-июлга караган түнү чала жан болуп сабалганын, бирок милиция аны жасаган кылмышкерлерди издебей, чара көрбөй жатканы айтылган. Андагы маалыматка караганда, келиндин 7 айлык баласы бар. Учурда апасы ооруканада жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13890