Динара Руслан Премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды
RU

Динара Руслан Премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов кол койгон бүйрукка ылайык, Динара Руслан Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалымдама: Динара Руслан CodifyLab Academy -Программалоо жана Дизайн Академиясынын негиздөөчүсү жана башкы директору. Ошондой эле Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар жана тейлөө ассоциациясынын (КАРПОУ) башкармалыгынын төрагасы жана мүчөсү болуп саналат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1393