Эсиңерде болсо Бишкектин мэри бар болчу. Мына ошол киши коронавирустан вакцина алыптыр
RU

Эсиңерде болсо Бишкектин мэри бар болчу. Мына ошол киши коронавирустан вакцина алыптыр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 22-апрелде Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык Sinopfarm вакцинасын алды.

Мэриянын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, вакцинация жеке каалоонун негизинде жасалып жатат жана аны каалаган бардык жарандар жасата алат. Ошондой эле мэрия түшүнүүгө жана жарандык тилектештикке үндөдү.

Вакцинацияга тиешелүү суроолоруңуз болсо Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнө төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланышсаңыз болот: 0 312 546 521, 0 312 546 104.

Эске салсак, 19-мартта Республикалык иммунопрофилактикалык борбор аркылуу Кыргызстан кытайлык өндүрүштүн Sinopfarm вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Вакцинация эки ирет, 25-28 күндүк интервал менен жүрөт. Бул вакцина менен эмделген адамдарда каршы кесепети аныктала элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1394