Карызга акча бербей койгон. Караколдо 59 жаштагы киши таанышын өлтүргөнгө шектелди
RU

Карызга акча бербей койгон. Караколдо 59 жаштагы киши таанышын өлтүргөнгө шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каракол шаарында киши колдуу каза тапкан аялдын сөөгү табылды. Шектүү катары маркумдун таанышы кармалганын Ысык-Көл ОИИБден маалымдашты.

13-август күнү Каракол ШИИБдин нөөмөт кызматына "Тез жардам" кызматынан кабар түшкөн. Анда бычактан жаракат алган аялдын жансыз денеси өз үйүндө табылганы айтылган.

Окуя болгон жерге шаардык ыкчам-тергөө тобу барып, денесине ашкана бычагы сайылган бойдон жаткан аялдын сөөгүн табышкан. Каза болгон аял Каракол шаарынын 67 жаштагы тургуну экени такталган.

Аталган факты 122-берене (Адам өлтүрүү) менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү катары Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургуну О.А. кармалды. Ал алдын ала суракта жасаган кылмышы боюнча күнөөсүн толугу менен моюнга алып, каргаша карызга акча суроодон улам келип чыкканын айткан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайда, тергөө амалдары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13956