93 жаштагы ата пенсиясына балдарга аянтча салган. Эми ал жол жасатууга камынып жатат
RU

93 жаштагы ата пенсиясына балдарга аянтча салган. Эми ал жол жасатууга камынып жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Шор-Булак айылында 93 жаштагы карыя пенсиясын чогултуп, кичинекей балдар үчүн оюн аянтчасын салып берген. kaktus.kg редакциясы ал ата менен таанышып кайтты.

Үсөй карыя быйыл 93 жашта. Ал балдар аянтчасына канча пенсиясы корогонун ачыктаган жок. Балдар ойноп, телефон, телевизордон алыстаса болду деген тилекте.

"Бул балдар аянтчасы турган жер мурда дөң болчу. Анан, трактор менен ал жерди түздөтүп, балдардын ойногон шаймандары орноттук.

Акимчиликтен баныда уруксат сурагам. Алардын макулдугун алгандан кийин анан балдар аянтчасын жасадык", - дейт карыя.

Буга чейин көчөсүн шам чырактар менен жарыктандырган.

"Ушул көчөнүн аты менин атымдан коюлган. Анан "жарыктандыруу" деп бул көчөгө шам чырактарды койдурдум. Азыр, кечкисин жарык. Жакшы болуп калды", - деп билдирди 93 жаштагы ата.

Эми, алдыда "Кудай дагы жаш берсе - балдар аянтчасын кеңейтип, оюн шаймандарына толтуруп, ошол көчөнү түздөйм", -деп турган чагы. Карыя балдардын аянтчасына тиешелүү жолду дагы жасагысы келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13960