Улукбек Марипов: Ноокаттагы жол өлкөдөгү эң сапаттуу жол болот!
RU

Улукбек Марипов: Ноокаттагы жол өлкөдөгү эң сапаттуу жол болот!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокаттагы жолду япониялык гранттын эсебинен салынат, ошондуктан ал өлкөдөгү эң сапатту жол болот! Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов Facebook'тагы түз эфири учурунда билдирди.

Анын айтымында, ал Ноокаттагы жолдун көйгөйүн жакшы билет.

"Бул маселени чечүүгө толук бел байлаганбыз. Пандемияга карабастан ошол жолдун маселесин чечебиз. Жакынкы арада тендер жарыяланат. Ал жолду япониялык компания салат. Ноокаттагы жол эң сапаттуу жол болуп салынат", - деди Марипов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1396