Ошто 68 жаштагы кишинин өлүмүнө уулу шектелүүдө. Ата-баланын чыры эмнеден чыккан?
RU

Ошто 68 жаштагы кишинин өлүмүнө уулу шектелүүдө. Ата-баланын чыры эмнеден чыккан?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 68 жаштагы кишинин жансыз денеси өз үйүндө табылды. Кылмышка шектелип маркумдун уулу кармалганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, 14-августта саат 10:00 чамасында Амир-Тимур кичи районунда 1955-жылы туулган А.Хамидов менен бир короодо жашаган уулу 1982-жылы туулган Х.А`нын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Натыйжада уулу ашкана бычагы менен атасына кол салып, көкүрөгүнө жана колдоруна сайып жиберген. Алган жаракаттарынан улам 68 жаштагы А.Хамидов каза болгон.

Шектүү документтерин алып, таксиге отуруп, окуя болгон жерден кетүүгө аракет жасап жаткан учурда кармалган.

Бул факты боюнча 122-берене ("Адам өлтүрүү") беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тиешелүү соттук-медициналык, соттук-дактилоскопиялык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды.

Маркум А.Хамидов Ош шаарынын Амир-Тимур кичи районунда жашаган. 4 баланын атасы. Жергиликтүү мектепте кароолчу болуп иштеп келген. Ал эми кылмышка шектелип кармалган уулу Х.А. 2 баланын атасы, эч жерде иштебейт.

Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына караганда, атасы баласына жумуш таап иштөөнү, жаман адаттардан, жаман достордон арылууну талап кылуудан улам чыр чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13974