1-2-класс окуучунун рюкзагы 1,5 килограммдан ашпоосу керек
RU

1-2-класс окуучунун рюкзагы 1,5 килограммдан ашпоосу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору рюкзак тандоодо эске ала турчу жагдайларды тизмектеди.

Санитардык-эпидемиологиялык эрежелер боюнча ар кандай класстардагы окуучунун рюкзактарынын салмагы үчүн стандарттар бар. Ага ылайык окуу китептеринин жана жазуу куралдарынын салмагы төмөнкү көрсөткүчтөрдөн ашпоого тийиш:

1-2-класстар үчүн – 1,5 килограммдан ашык эмес;

3-4-класстар үчүн – 2 килограммга чейин;

5-6-класстар үчүн – 2,5 килограммдан ашпаган салмак;

7–8-класстар үчүн – 3,5 килограмм;

9-11-класстар үчүн – 4 килограмм.

Рюкзактын өздүк салмагы 700 гр ашпай, боолорунун жазысы 4–4,5 см чейин болушу керек, бул баланын аркасына анын тыгыз орнолушун камсыз кылат. Материалы жеңил, бышык, сууну өткөрбөгөн, тазалоого оңой болууга тийиш.

Окуучунун дене түзүлүшүн бузган факторлордун бири – бул оор рюкзак жана аны туура эмес колдонуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13986