Бир жаштагы 135 кг козу-кочкор. "Арашанды" аймактарга жайылтууну каалаган айыл тургуну
RU

Бир жаштагы 135 кг козу-кочкор. "Арашанды" аймактарга жайылтууну каалаган айыл тургуну

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бул козу-кочкордун аты "Оскар". Жашы бир жарымда. Салмагы 135 кг көп. Породасы - арашан. Жарманке-таймаштарга катышып салмак, бой боюнча биринчиликтерди алган.

Айтылуу "Гүлсары" аттуу кочкордун баласы. Ал Кыргызстанда саналуу гана.

"Азыр бир жарым жаш болду. Беш айлык кезинде сатып алгам. Бул кочкордун жемине өзгөчө көңүл бурабыз. Канчалык көп берсең ошончо көп жана бат салмак кошот. Эки-үч ай мурун салмагы 130дун тегереги болчу, азыр андан бир топ өйдөлөсо керек.

Жем беребиз, балыктын майын жана витамин", - дейт айыл тургуну.

Малдын ээси Улан Камбарканов Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Шор-Булак айылынын тургуну. Бул түрдөгү кой-кочкорлорду көл аймагында жайылтууну максат кылат. Себеби, "арашан" Кыргызстандан чыккан. Бирок, азыр, Казакстан, Өзбекстандан келип алып кетип, эт багытында массалык көбөйтүп жатышат.

"Райондук жарманкеге катышып, салмак, бой боюнча бирини орунду алган. Негизи Бишкектеги Бакы деген байкеде "Гүлсары" деген аралашмасы жок, таза арашан кочокр бар. Ал Орто Азия боюнча сейрек кездешкен кочокр. Бул козу-кочкор ошонун баласы.

Негизи, бизден чыккан порода. Бирок, Кыргызстанда аз. Казакстан, Өзбекстан эт багытында экспортко чыгуу үчүн көптөн алып кетип, көбөйтүп жатышат. Биз өзүбүз аймагыбызда жайылтып, айылдагы жумушсуздукту жойсок болот эле. Мен деле ушул максатта бул породадагы кочкорлорду багып жатам", - деди мал ээси.

Кочкор ээси биринчи өзүбүздүн өлкөдө көбөйтүп алсак, айылдагы жумушсуздук азайып, эт багытында иштөөгө мүмкүнчүлүк болот эле деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13994