Төрт баланын апасы асынып өз жанын кыйды. Күйөөсү экспертиза жасатуудан баш тартты
RU

Төрт баланын апасы асынып өз жанын кыйды. Күйөөсү экспертиза жасатуудан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун Кара-Суу районунда 32 жаштагы аял асынып алган. Анын артында төрт баласы калды. Бул тууралуу облустун ИИБси билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-апрель күнү саат 13:10 чамасында Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүгүнө Ишкаван айылында белгисиз аял өзүн-өзү асып алганы боюнча маалымат келип түшкөн.

32 жаштагы келин үйүнүн гаражына кирип асынып алган. Анын сөөгүн туугандары табышкан. Анын 33 жаштагы күйөөсу жана жакын туугандары соттук медициналык экспертизаны өткөрүүдөн баш тартышкан.

Маркум келин 32 жашта болчу. Ал Кара-Суу районунда туулган, үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын апасы, убактылуу эч жерде иштебейт", - деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1399