Балбан Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды
RU

Балбан Калмира Билимбек кызы Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Иорданиянын Амман шаарындагы Дүйнө чемпионатында (U20) кыздар арасындагы күрөш боюнча кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы коло медаль утту.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 59 килограммга чейинки салмак категориясы боюнча күч сынашты.

Калмира Билимбек кызы 1/16 финалда өзбекстандык спортчуну 11:1 эсеби менен жеңип, 1/8 финалда казакстандык балбан кызды 8:1 эсебинде артта калтырган. Чейрек финалда япониялык балбанды 10:0 эсебинде утуп, жарым финалда нейтралдуу желек менен чыккан Алеса Гетмановага утулуп калган.

Кыргыз балбаны коло үчүн беттеште түркиялык балбан менен беттешип, жеңишке жетти.

Бул Дүйнөлүк чемпионатта (U20) Кыргызстандын курама командасынын биринчи медалы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14010