"Мени жек көрүшөт". Президент эмне үчүн айрым ММКлар тарабынан сындалып жатканын айтты
RU

"Мени жек көрүшөт". Президент эмне үчүн айрым ММКлар тарабынан сындалып жатканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 18-августта "Кабар" агенттигине берген маегинде Эмне үчүн айрым маалымат каражаттарыны аны сындап жатканына жооп берди.

Анын айтымында, буга чейин алар "Кумтөрдөн, Мегакомдон жана аэропорттон (Манас. - ред. Kaktus.media) үзгүлтүксүз акча алып турушкан.

"Бийликке келгенде муну токтоттум, эмне үчүн мамлекеттик ишканалар жеке сайттарды багышы керек?", - деди ал.

Жыл сайын эң алдыңкы сайттарга 20 миллион сом, ал эми жөнөкөйлөр 2-3 миллион сом алып турган. Мамлекеттин акчасы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн гана иштеши керек, ошондуктан бул каржылоону дароо токтоттум.

Ошол күндөн баштап баары мени жек көрүп, жасалып жаткан жакшы иштердин баарын байкагылары келбейт", - деп, аларга көңүл бурбай турганын кошумчалады.

*****

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14011