Жогорку Сот депутат Өмүрбек Бакиров боюнча чечимди күчүндө калтырды. Анын мандаты алынат
RU

Жогорку Сот депутат Өмүрбек Бакиров боюнча чечимди күчүндө калтырды. Анын мандаты алынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку сот Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдун мандатын жокко чыгаруу боюнча төмөнкү инстанциялардын чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Жогорку Соттон билдиришти.

Бул болсо Бакиров депутаттык мандатынан ажыратылат дегенди билдирет.

Буга чейин Бишкек шаарынын административдик сотунун судьясы Мелис Тагаев депутаттыкка талапкер Равшанбек Рысбаевдин №4 бир мандаттуу Көк-Жар шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчүн канааттандырган.

Бул округдан Өмүрбек Бакиров 32,68% добуш алып, депутат болгон. Соттун чечими менен Борбордук шайлоо комиссиясынын Бакировду шайланган депутат деп таануу боюнча чечими мыйзамсыз деп табылган.

Эске салсак, шайлоо өнөктүгү маалында талапкер Бакировдун аракеттери боюнча арыздар түшкөн. Ош облусунун ички иштер башкармалыгы 2021-жылдын 7-ноябрында №4 Көк-Жар шайлоо округу боюнча бир мандаттуу депутаттыкка талапкер Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы үгүт маалында жергиликтүү тургундарга айылдагы ичүүчү суу жана жолдорду оңдоо маселелерин чечип берүүнү убадалаганын билдирген. 9-ноябрга караган түнү мандат үчүн талапкердин атынан 57 жаштагы жергиликтүү тургунга таандык курулуш кампасына 149 миң сомдон ашык 30 тонна цемент алынып келинген. Буга ылайык, Жогорку Сот БакировдуТергөө КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка шериктеш болуу", "Шайлоочуларды сатып алуу" жана Кылмыш-жаза кодексинин "Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча мыйзамсыз иш жасаган деп шектүү тапкан.

Эске салсак, 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо Көк-Жар округунан Бакиров биринчи болуп чыккан. Декабрь айында аталган округдагы тагы бир талапкер Равшан Рыспаев Бакировду "добуш сатып алган" деп Бишкек шаардык административдик сотуна арыз жазган.

Ошондой эле, былтыр ноябрда Өмүрбек Бакиров парламентте УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтышканы да бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14012