Чолпон-Атада кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жыйыны өттү
RU

Чолпон-Атада кыргыз-өзбек демаркация комиссиясынын жумушчу топторунун жыйыны өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Ата шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуу 13-августтан 19-августка чейин созулду.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды, ошондой эле демаркация иштерин жүргүзүү үчүн атайын (жалпы) геодезиялык тармакты түзүү боюнча даярдык иштери жүргүзүлдү.

Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14046