АКШда Кыргызстандын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн аскерлери машыгуудан өтүүдө
RU

АКШда Кыргызстандын жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнүн аскерлери машыгуудан өтүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнын Монтана штатында Кыргызстан, Казакстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШнын аскерлеринин катышуусунда "Аймактык кызматташтык 23" (RC23) машыгуулары өтүүдө. Бул туурасында АКШнын Борбордук командачылыгынын сайтында айтылат.

"Машыгуулар катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди бекемдөөгө, ошондой эле биргелешкен иш үчүн потенциалды жана мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга багытталган", - деп айтылат билдирүүдө.

Машыгуунун 230дан ашуун катышуучусу адегенде аскердик чечим чыгаруу процессин же MDMP билим базасын түзүп, андан кийин эл аралык коопсуздук коркунучуна биргелешип жооп кайтарышат.

"RC23 катышуучулары аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту күчөтүү, улуттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатуу, массалык кыргын салуучу куралдарга, террористтик элементтерге, баңги заттарга бөгөт коюу ыкмаларын жана жол-жоболорун тактоо, өз ара аракеттенүүнү жана маалымат алмашууну жогорулатуу үчүн иштелип чыккан сценарийлер менен машыгышат", - деп маалымдалат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14052