Бишкекке Казакстандын коргоо министри баштаган аскер делегациясы келди
Бүгүн, 22-августта Кыргызстанга Казакстандын коргоо министри Руслан Жаксылыков башында турган аскердик делегация иш сапар менен келди. Бул туурасында өлкөнүн Коргоо министрлиги кабарлады.
Иш сапардын программасына ылайык, коңшу өлкөнүн аскердик делегациясы Кыргыз Республикасы менен Казак Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүкчөлөрүнүн "Эрдик" биргелешкен тактикалык-атайын машыгуусунун активдүү фазасына катышат жана бир катар аскердик объектилер менен таанышат.
Азыркы убакта Казакстандын аскердик окуу жайларында аскердик кадрларды даярдоо боюнча кызматташуунун динамикасы байкалууда. 1998-жылдан ушул убакытка чейин Казакстандын ар кайсы аскердик окуу жайларында үч жүздөн ашуун аскер адистери даярдалган. Бүгүнкү күндө кырктан ашуун аскер кызматчылары билим алышууда.