Дагы үч милиция кызматкери маңзат ыргытып, акча талап кылган деген шек менен кармалды
RU

Дагы үч милиция кызматкери маңзат ыргытып, акча талап кылган деген шек менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дагы үч милиция кызматкери маңзат ыргытып, акча талап кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Россиянын жараны милиция кызматкерлери жана дагы бир адам 20-апрелде Бишкекте кафелердин биринде ага атайылап гашиш ыргытып, кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 315 миң сом алганын айтып арыз жазган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, Чүй облустук милициясынын үч кызматкери кармалды. Алар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Козголгон кылмыш ишинин алкагында 21-августта ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Чүй ОИИББдин БМЖККнын кызматкерлери М.Ч., С.А. жана А.А. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14064