Сентябрдан тартып унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөбөгөндөргө айып салынат
RU

Сентябрдан тартып унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөбөгөндөргө айып салынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сентябрдан тартып унаа, турак жай жана жер салыктарын төлөбөгөндөргө айып салынат. Бул туурасында Мамлекеттик Салык кызматы кабарлады.

Мыйзамга ылайык, салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, салыкты өз убагында төлөөгө жетишпей калган транспорттун, турак жайдын жана жердин ээлери административдик айыпка, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-сентябрына чейин транспорт, турак үй, батир жана үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак чарбачылыгы үчүн участокторго салыкты төлөө зарыл.

Салык кызматы административдик жоопкерчиликке тартылып, туумдарды төлөп калбоо үчүн транспорт каражаттарынын, турак жайдын жана жер үлүштөрүнүн ээлерин салыктын тиешелүү суммасын өз убагында жана толук төлөөгө чакырат.

Кеңири маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14070