Сузакта 13 жаштагы кыздын бутун чөп чапкыч кесип кеткен. Атасы экспертизадан баш тартты
RU

Сузакта 13 жаштагы кыздын бутун чөп чапкыч кесип кеткен. Атасы экспертизадан баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта 13 жаштагы кыз жүгөрү чогултуп жатып, кырсыктады. Анын бутун чөп чапкыч кесип кеткен. Маалыматты Жалал-Абал ОИИБден ырасташып, окуя боюнча териштирүү башталганын билдирди.

Такталгандай, 23-августта саат 19:30 чамасында Сузак районунун Атабеков айыл аймагында 13 жаштагы кыз ата-энеси менен талаада жүгөрү кайрып жүргөн. Ошол учурда жакын жердеги трактор косилкасы кокусунан кыздын бутун кызыл ашыгына чейин кесип кеткен.

Бул окуя Сузак РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына "Кокустук" деп катталып, текшерүү иштери башталган. Окуя боюнча кыздын атасы эч кимге арыз доосу жоктугун бидирип, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14103