"Айылга гинеколог келсе, эркектер сабап салышкан". Аймактагы аялдардын саламаттыгы
RU

"Айылга гинеколог келсе, эркектер сабап салышкан". Аймактагы аялдардын саламаттыгы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда учурда жалпы 1064 ФАП иштейт. Республикада 1941 айыл бар болсо, ар бир элет жерин ФАП менен камтуу үчүн дагы 877 обьект куруу керек дегенди түшүндүрөт. Аймактардагы ФАПтардын абалы кандай? Аларга кимдер кайрылат? Эмне үчүн айрымдары райондук, облустук же шаардык ооруканаларга кайрылууга аргасыз? kaktus.kg редакциясы ФАПтардын абалы менен таанышуу үчүн Ысык-Көл облусуна барып кайтты.

Ысык-Көл облусунда жалпы 123 ФАП бар

Эң биринчи эле редакция көлдүн Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылына келди. Бул элет жери деңиз деңгээлинен 1906 метр бийктикте жайгашкан. Ал райондогу эң четки, тоонун боорундагы айылдардын бири болуп саналат. Бул айылдагы ФАП жергиликтүү тургундардын жардамы менен курулган.

Бир айылдагы жалгыз медицина кызматкери

Бактыгүл Жаанбаева күндө таңкы 8де жумушун көздөй жөнөйт. Каарманды ФАПта бир күнү колундагы наристе менен келин, экинчи күнү карыган ата-апа же өспүрүм балдар тосуп алат. Бактыгүл айым 40 жылдан бери Коңур-Өлөң айылынын ФАПында иштеп келет. Ал айылдагы жаңы төрөлгөн наристеден тартып, улгайып калган кары-катаңдардын да саламаттыгын көзөмөлгө алган жалгыз медицина кызматкери. Ал бул убакыт аралыгында ар кандай окуяларды баштан өткөргөнүн айтып, жалгыз төрөт кабыл алган күндөрүн эстеди.

"Менин эмгек тажрыйбамда көп эле кыйын, жакшы-,жаман да окуялар болду. Анткени, 40 жылдык тажрыйбамда көп эле нерселер болду. Бул 40 жыл аралыгында 32 баланы үйдөн, этегиме салып алып төрөтүп анан төрөт үйүнө алып барган күндөрүм болду".

"Бир окуя эсимде, бир аял үйүндө төрөп жатыптыр.Сыягы, бир күн мурун жаңжал болуп, бети көгөрүп, ооруканага баргысы келген эмес окшойт. Барсам кан кете баштаптыр. Ошол убакта айылда суу жок. Мен көчөгө чуркап чыктым, ошол жерде суу куюлган флягаларды коруп калдым. Мурда жатынга муз койчу эле, мен майда бөтөлкөлөргө муздак суу коюп, жатын жерине коюп, бирок эмнегедир кан токтобой койду. Мындай абалга туш болгондо Кудайга жалбаруу гана керек болду. Көрсө, чел кабыктын бир аз калдыгы калып калыптыр, колумду салсам эле чыгып кетти. Бактыга жараша, баары ойдогудай болду", - деп эскерет ал.

Айылда Догдурбек, Догдуркул аттуу тургундар бар. Алардын ар бир төрөлгөн учуру өзгөчө, ата-энелер жаңы төрөлгөн ымыркайларды ушундай ат менен атаган дарыгерлерге ыраазы болушат.

ФАП жергиликтүү тургундардын жардамы менен курулган.

Себеби, эски ФАПтын шарты иштөөгө ылайык эмес эле.

"Бүгүнкү күнгө чейин айылдаштарыма ыраазымын, алар дароо өз ыктыяры менен жардам көрсөтүштү. Биз жумушту бөлүштүрдүк.Ошентип, бир көчөнүн кишилери чуңкур казып, экинчиси пайдубалын куюп, үчүнчүсү имаратты тургузушту. Ошентип 4 айда жаңы имарат ачылды", - деди Жаанбаева.

Жаштар арасында ооруга чалдыккандардын саны өсүүдө

Дарыгердин айтымында айымдар убагында ооруканага кайрылып, өзүнө кам көрбөгөндүктөн төрөттөн кийинки оорулар пайда болуп, анын кесепетинен төрөттүн саны да азайып жатат.

"Мындан 5-6 жыл мурун бир жылда 25-26 кош бойлуу аял каттоого алынса, азыр менде тогуз гана кош бойлуу аял каттоодо турат, жыл өткөн сайын алардын саны азайып баратат.

Азыр жашоо шарты жакшырып, аялдар мурдагыдай физикалык жумуш менен алектенбей калгандай сезилет: кол менен кир жуушпайт, казанга отко тамак жасоонун кереги жок, тиричилик техникалары бар. Мындан улам, азыр жаш келиндер аз кандуулук менен ооруйт, көбүнүн бөйрөгү ооруп жатат.

Төрөт алдында ден соолугуна кам көрүшпөй, суук тийип, жатындын ичиндеги ар кандай инфекциялар пайда болот", - деп белгилейт ал.

Айылдагы жалгыз дарыгер үйүндө деле турбайт. Иш убактысы бүткөндөн кийин деле керек учурда айымдардын үйүнө өзү барууга аргасыз. Себеби убагында кайрылбаган келиндердин ар кандайоорулар пайда болууда.

Аялдардын медициналык жардам алуусуна тоскоол болгон стереотиптер

Ала-Баш айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун дарыгери Нурлан Эсенканов дагы башка себептерди атайт.

Шаарларда гинеколог эркек болсо бул нормалдуу көрүнүш. Бейтаптар текшерүү үчүн кезекке турушат. Бирок айылдарда андай эмес.

"Аялдар эркек гинекологдун кароосунан өтсө, күйөөлөр кызганышат. Ар кандай учурлар болот. Мындан 15 жыл мурун Каракоодо бир жолу эркектер гинекологду сабап, ал жумушун таштап кетүүгө аргасыз болгон", - деп эскерет ал.

Айыл тургундарынын мындай сезимдерин эске алган Эсенканов аялдарды шаардык ооруканаларга жөнөтөт.

"Бул жерде алар каттоодон өтүшөт, аларга карта ачып, анализ тапшырууга жолдомо беребиз. Анан гинекологго жөнөтөбүз. Дарыгер текшерип, эсепке алып, анализдин жыйынтыгын алып анан аял биздин көзөмөлүбүздө",-дейт ал.

ФАПтар бар, бирок аларда шарт жок

ФАПтын кызматкерлери айымдарды райондук оорукага жибергени менен айымдар бара беришпейт. Алардын бири Туура-Суу айылынын тургуну 7 баланын апасы Нурзат айым. Ал районго чейинки жол алыс дейт.

"Жол алыс, жарым күн эле жолго, дагы жарым күн кезек күтүүгө туура келет. Мындан улам, Балыкчыга барууга туура келет", - дейт ал.

Туура-Суу айылынан райондук ооруканага баруу үчүн 100 чакырымдан кем эсем жолду басып өтүү керек. Ошондуктан райондун айылдардын бир бөлүгү көбүнчө Балыкчы шаардык ооруканага барышат. Балыкчы шаарынын гинекологу Тилек Айдаралиева бир катар көйгөйлөрдү атады.

Шаардык ооруканалардын түйшүгү күчөп баратат

Репродуктивдүү ден-соолук 15 жаштан 49 жашка чейин болот. Балыкчы шаарынын гинекологу Тилек айым 15 жаштан 49га чейинки аялдардын дарыгери жок экенин белгилеп, шаардык ооруканаларга кошумча күч болуп жатканын айтты.

"Аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна көзөмөл орнотулду деп айтуу кыйын. Буга чейин бизде аялдардын репродуктивдүү саламаттыгы менен алектенген гинекологдор бар болчу. Азыр бизде андай кабинеттер, дарыгерлер жок.Үй-бүлөлүк дарыгерлер бар, бирок алар биздей көзөмөлгө ала албай жатышпайбы. Ошондуктан аялдар ар кандай доктурларга кайрылууга туура келет: бүгүн бул жерде, эртең башка жерде. Алар ар адамга кайрылышат. Учурдагы көйгөйүн чечүүгө аракет кылышат да, андан кийин көзөмөл жок",-деди дарыгер.

Гинекологдун айтымында учурда, Балыкчы шаарында эле 18 миң репродуктивдүү жаштагы айымдар бар. Ал эми шаардык ооруканада болгону үч гинеколог иштейт.

Дарыгерлер жетишпей жатат

Айдаралиеванын айтымында, Балыкчы шаарында эле репродуктивдүү курактагы 18 миң аял жашаса, шаардык ооруканада үч гана гинеколог иштейт, аларга Чолпон-Ата шаарынын жана Тоң районунун тургундары да кайрылышат. Бул мекеменин жүгүн көбөйтөт.

"Алар бизге кайрылышат. Албетте, бул биз үчүн чоң жүк, себеби ооруканага жаткан, төрөт же кыйынчылыктар менен келген аялдарды дарыгерлер карашы керек. Аялдар сааттап кезек күтүшөт. Гинекологдор бош болгуча отурушат. Ал эми биз ошол кездеги анын айткан маселеси менен гана иштейбиз.А нан кийин аны ким чечет?", - дейт ал.

Азыр бул кризис дагы деле көрүнбөйт, бирок маселени жакшылап изилдеп көрсө, келечекте төрөй албай калган аялдар көбөйөрү белгилүү болот.

83 жаштагы ФАПтын медицина кызматкери жаштар жок үчүн иштөөгө аргасыз

Бул орчундуу көйгөйгө ачык мисал: Кара-Талаа айылындагы үй-бүлөлүк ден-соолук борборунун кызматкери - Канымкан айым. Анын жашы 83тө. 58 жылдан бери аталган айыл аймакта дарыгер болуп эмгектерип келет. Пенсия курагынан эчак өтон. Бирок, жаш кызматкерлер жок, дагы иштөөгө мажбурбуз дейт ал.

"Жаштар бул жерде иштөөнү каалабайт, анткени аларга шарт жок, мамлекет тарабынан турак-жай берилбейт. Иш оор, күнү-түнү иштөөгө туура келет", - деп ал.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бул көйгөйлөрдү моюнга алат

Саламаттык сактоо министрлиги учурда өлкө аймагы боюнча кадр маселеси, жаштарды ишке тартуу чын эле курч экенин моюндайт. Маселе айлыктын аздыгынан.

"Мамлекет дарыгерлердин айлыгын акырындап көтөрүүдө, бирок экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөн улам бул өсүш анча деле байкалбайт, айлык акы менен кошо инфляция да өсүп жатат.

Ким аз айлыкка иштегиси келет? Жаш адистер балдарды тарбиялап, үй-бүлөнү багуу керек. Москванын бир жеринде погрузчик болуп иштесе дагы көбүрөөк акча табышат. Дал ошол себептүү пенсия курагынан өткөндөр дагы эле иштеп жатканына сүйүнөбүз дейт министрлик өкүлү.

Ал эми пенсионерлер иштей беришет, анткени алардын пенсиясын алып да, иштей берсе болот. Алар миграцияга кете албайт да.

Жыл сайын саламаттыкты сактоо системасында жаштардын саны азайып баратат.

Маселен, Кыргызстандын БУУга берген отчетунда саламаттыкты сактоо тармагында иштегендердин 30-36% пенсия курагындагылар экени айтылган. 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча акыркы отчетто, мисалы, Нарын облусунун статистикасында пенсия курагындагы адистер буга чейин 53%, Таласта 40%, Ысык-Көл облусунда 41% түзөт. Жыл сайын бул көрсөткүч өсүүдө. Андыктан калктын ден соолугун сактоо жөнүндө сөз болуп жатса, жок дегенде пенсия курагындагы адистер иштеп жатканы бизди кубандырат", - деп жыйынтыктады министрликтин өкүлү Гүласыл Сутуева.

"Бул чыгарылыш "Сорос-Кыргызстан" фондунун "Кыргызстандын аймактарындагы аялдардын репродуктивдик ден-соолугу" долбоорунун колдоосу менен даярдалган. Мазмуну "Kaktus.kg" сайтынын жоопкерчилиги болуп саналат жана "Сорос Кыргызстан" Фондунун көз карашын билдирбейт"

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14110