Ошто 21 жаштагы кыз экстремисттик материалдарды таратканга шектелди
RU

Ошто 21 жаштагы кыз экстремисттик материалдарды таратканга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда диний-экстремисттик агымдын мүчөсү кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлери тарабынан Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик агымынын аялдар канатынын лидерлерин жана мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Кара-Суу районунда Самира (аты өзгөртүлдү) аттуу кыз кармалды. Ал террористтик жана экстремисттик материалдарды таратканы аныкталган.

Факты маалыматтык электрондук журналга катталып, иликтөө иштери башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө Самира кийим-кече сатуучу дүкөндөрдүн социалдык тармактардагы билдирүүлөрүнүн алдына террористтик жана экстремисттик чакырыктарды жайгаштырып, таратканы белгилүү болду.

Соттук-эксперттик кызматтын корутундусуна ылайык, изилдөөгө берилген материалдар Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдун материалдары.

Башкы беттеги сүрөт: Аталган окуя боюнча Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын кылмыш ишинин материалдарынан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14137