Төмөнкү Ала-Арча айылынын мурдагы башчысы бир нече мүлктөрдү мыйзамсыз алууга шектелүүдө
RU

Төмөнкү Ала-Арча айылынын мурдагы башчысы бир нече мүлктөрдү мыйзамсыз алууга шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы кармалды. Ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга шектелип жатканын УКМКдан кабарлашты.

Маалымдалгандай, Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Ш.Н.Шга карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси жана 222-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Ал айыл өкмөт башчысы кызматын аркалап турганда кылмыш чөйрөнүн өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болуп, кызыктар тараптардын кызыкчылыктарын лоббирлеп, башка компаниялардын өкүлдөрүнө кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен мамлекеттик сатып алууларга катышып, аффилирленген компанияларга жеңиштерди ыйгарган.

Муну менен бирге Ш.Н.Ш. кылмыштуу кирешелерди адалдоо максатында бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз алып, башка фигуранттарга каттаган.

Мыйзамсыз алынган мүлктөр:

  • жер тилкелер - 20;
  • унаалар - 29;
  • жеке үйлөр - 6;
  • батирлер - 31;
  • өндүрүштүк цехтер - 5;
  • бетон заводу - 1;
  • соода борбору - 1;
  • спорт комплекси - 1;
  • кум жана шагыл композицияларын чыгаруучу карьер - 1;
  • техникалык тейлөө станциялары - 1;
  • унаа токтотуучу жайлар - 3;
  • сарайлар - 3;
  • ресторандар - 6.

Бул мүлктөрдүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан.

25-августта Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан Ш.Н.Ш. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда Ш.Н.Ш.га жана коррупцияга тиешеси бар адамдар тарабынан жасалган башка мыйзамсыз фактыларды аныктоого багытталган иш-чаралары улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14156