Эс алып жаткан компания менен бейтааныш адамдардын оозеки урушу ок атуу менен аяктады
RU

Эс алып жаткан компания менен бейтааныш адамдардын оозеки урушу ок атуу менен аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-апрелге караган түнү Кайыңды шаарында эки жигиттин ортосундагы пикир келишпестиктерден улам ок атылып, 22 жаштагы жаран ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Чүй ИИББсинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомоство берген маалыматка ылайык, 2021-жылы 25-апрелде Панфилов районунун Ички иштер бөлүмүнө 102-кызматы аркылуу Кайыңды шаарындагы базардын жанында эркек кишинин мылтыктан жаракат алгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 25-апрелине караган түнү, саат 01:30 чамасында, бир нече баладан турган компания менен алардын жанынан өткөн эки жигиттин ортосунда оозеки пикир келишпестик болуп, жыйынтыгында, өтүп бара жаткан экөөнүн бири жаш жигиттерди көздөй эки жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка иизин суутуп кеткен. Натыйжада, 22 жаштагы П.Б.нин денесине эки ок тийип, алган жаракаты менен райондун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары Кайынды шаарынын 27-жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургуну кармалган.

Бул факт Панфилов районунун Ички иштер бөлүмүнүн КЖБРине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266 (бейбаштык) беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган, деп Чүй ИИББсинин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1421