Ысык-Көлдө 14 жашар кыздын 16 жаштагы жигиттен боюна бүтүп калды
RU

Ысык-Көлдө 14 жашар кыздын 16 жаштагы жигиттен боюна бүтүп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунда 14 жашар кыздын боюнча 16 жаштагы жигиттен бүтүп калды. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына Ысык-Көл облусунун ИИБси тастыктады.

Белгилүү болгондой, 19-апрелде Түп районунун ИИБсине 39 жаштагы И.Р. кайрылып, 16- жаштагы А.Э.ге карата чара көрүүнү суранган. Анткени жашы жете элек кызынын боюна ошол жигиттен бүтүп калган.

Бул факт Түп районунун КЖБРине КРдин Жазык кодексинин "Он алты жашка жетелек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер" 164-беренеси боюнча катталган.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин шектелүүчү 17 жашта ал эми өспүрүм кыз 15 жашта, деген маалымат айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1422