Запастагы аскер кызматкери мамлекетке чыккынчылык кылганга айыпталып, эркинен ажыратылды
1877
"Мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча айыпталган запастагы аскер кызматчысы 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Комитеттин маалыматына караганда, запастагы аскер кызмактери С.Ф.Кнын мыйзамсыз иштери аныкталып, бөгөт коюлган. Аскер кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгү ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен кылмыш иши козголгон.
"Жогорку Соттун өкүмү менен кармалган жаран жогорудагы берене боюнча кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылды. Ал жалпы режимдеги түзөтүү колониясында жазасын өтөйт", - деп айтылат маалыматта.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/14231