Ноокенде 42 жаштагы киши топ балдарга ок атып, бир окуучу каза болду
RU

Ноокенде 42 жаштагы киши топ балдарга ок атып, бир окуучу каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноокен районунда 42 жаштагы киши түн ичинде топтолуп отурган балдарга карата ок аткан. Анын кесепетинен 15 жаштагы бала каза болгонун Жалал ОИИБден Kaktus.kg cайтына кабарлашты.

Такталгандай, окуя 26-августка караган түнү саат 00:30 чамасында катталган. Анда Шайдан айыл аймагынын 1981-жылы туулган С.Б. аттуу тургуну мергенчилик ок атуучу куралы менен почтанын жанында топтолуп отурган балдарга бир ирет ок чыгарган. Ок 15 жаштагы баланын баш тарабына тийип, өспүрүм алган жаракатынан улам ооруканада өзүнө келбей каза болгон.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1981-жылы туулган С.Б. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары улантылууда..

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14243