Организмди күз, кыш мезгилдерине кантип даярдоо керек? Адистерден жөнөкөй кеңеш
RU

Организмди күз, кыш мезгилдерине кантип даярдоо керек? Адистерден жөнөкөй кеңеш

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору жайында жеген жеңил тамактар күзүндө организмди активдүү жашоого керектүү энергия менен камсыз кылбай каларын эскертет. Ошондуктан мезгилге жараша тамактануу рациону да башкача болушу керек дешет.

Адистер белгилегендей, күзүндө аба ырайы суук жана нымдуу болуп, күндүзгү убакыттын узактыгы кыскарып, Д витамининин азайышына алып келет. Мунун баары организмдин коргоочу функцияларын азайтып, кээ бир органдардын иштешин начарлатат. Чарчоо байкалат, баш оору пайда болот, адам кыжырданышы мүмкүн.

Денени күз-кыш мезгилине кантип даярдоо керек?

  • күн тартибин сактап, уктоого туура убакыт бөлүү;
  • баланстуу тамактанып, витаминдерди көбүрөөк пайдалануу;
  • физикалык жактан активдүү болуу - спорт менен машыгуу организмдин резервдик күчтөрүн сезон аралықта мобилизациялайт;
  • стресстен сактануу;
  • аба ырайына жараша кийинүү, суук күндөрү тоңуп калбоо үчүн табигый кездемеден тигилген кийимдерди кийүү;
  • үйдөгү ыңгайлуу шарттарды сактоо (абанын температурасы болжол менен +18ден +22°Сге чейин, нымдуулук 50-60% чегинде);
  • доктурга кайрылуу, алдын ала текшерүүлөр олуттуу кесепеттерден качууга жардам берет.

Д витаминин азыктар аркылуу толуктоо зарыл

  • кызыл жана майлуу деңиз балыгы, анын боору (айрыкча тресканын боор);
  • кара жана кызыл икра;
  • сүт азыктары - май, сүт, сыр;
  • козу карындар;
  • уйдун жана койдун боору;
  • тоок жумурткалары.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14269