Бишкекте улгайып калган жарандар эмдөөдөн өтүү үчүн бир нече саат кезек күтүп жатышат
RU

Бишкекте улгайып калган жарандар эмдөөдөн өтүү үчүн бир нече саат кезек күтүп жатышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Facebook тармагынын колдонуучусу Dinara K. Akmatbekova №7 поликлиниканын алдында "Спутник V" вакцинасын алууга келип кезек күткөн пенсионерлердин көптүгүн айтып, нааразычылык постун жазды.

Кезек күткөндөрдүн басымдуусу улгайып калган жарандар.

"Көпчүлүк пенсионерлер атайын россиялык вакцинанын келүүсүн күтүп жатышкан, анткени ага ишеним көбүрөөк", - деп Акматбекова белгиледи.

Каттоо журналында кезек №120 адамга келип токтогон (бирок, кезек күткөндөрдүн айтымында, вакцинация эртең мененки саат 8:00до №20дан башталган экен), ал эми саат 13:30да болгону №45ке жетишиптир. Көпчүлүгү өзүнүн аты-жөнүн жазып коюп кетип жатышты.

Акматбекованын пикири боюнча, кары адамдарга скамейка, отургучтар керек. Кытай вакцинасын ала тургандарга өзүнчө жазылуу баракчасын түзүп, кезекти көзөмөлдөй турган бир кызматкерди коюп коюшса болмок. 65 жаштан жогорулардан жергигилктүү каттоого туруусун талап кылууну да жокко чыграса ыңгайлуу болмок. Бул калкты вакцинациялоонун камтуусун кеңейтмек.

Эске салсак, 23-апрелде Sinopharm вакцинасын медиктер эле эмес, каалоочулардын бардыгы алса боло тургандыгы белгилүү болду. Андан тышкары, 65 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар жарандар "Спутник V" вакцинасы менен эмделип жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1428