Кечээ кызматтан бошотулган Умбриэль Темиралиев башка мекемеге директор болду
RU

Кечээ кызматтан бошотулган Умбриэль Темиралиев башка мекемеге директор болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев 7-сентябрда кызматынан бошотулган. Президенттин администрациясынан Темиралиев башка ишке өткөнүн маалымдаган.

Бүгүн, 8-сентябрда Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин экс-директору "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14312