Курал-жарактарды экспорт, импорттоого уруксат берүү функциясын ИИМге өткөрүү сунушталды
RU

Курал-жарактарды экспорт, импорттоого уруксат берүү функциясын ИИМге өткөрүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экономика жана коммерция министрлиги тышкы экономикалык иштин катышуучуларына уруксат берүүнүн жол-жоболорун оптималдаштыруу жана жөнөкөйлөтүү боюнча Министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун иштеп чыкты.

Сунушталып жаткан документ товарлардын өзгөчөлүгүнө жана аларды ыйгарым укуктуу орган тарабынан мүмкүн болушунча тез арада лицензиялоо зарылдыгына байланыштуу.

  • Документтин алкагында кызматтык жана жарандык курал-жарактарды, алардын негизги бөлүктөрүн жана патрондорун алып келүүгө жана алып чыгууга уруксат берүү функциясын Ички иштер министрлигине өткөрүп берүү каралууда. Бул тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан түз көзөмөлдү камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган.
  • Ошону менен бирге адамдын органдарын жана ткандарын, канын жана анын компоненттерин, ошондой эле адамдын биологиялык материалдарынын үлгүлөрүн алып келүүгө жана алып чыгууга уруксат берүү функциясы Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилет.

"Долбоордун алкагында уруксат алуу үчүн эксперттик уюм тарабынан арыздарды кароо мөөнөтүн бир топ кыскартуу - учурдагы 7 жумушчу күндүн ордуна бул мөөнөттү 3 жумушчу күнгө чейин кыскартуу сунушталууда. Бул уруксат берүү процессин тездетип, тышкы экономикалык иштин натыйжалуулугун жогорулатат", - дешет министрликтен.

Долбоор президенттин администрациясынын кароосуна коюлуп, анда акыркы чечим кабыл алынат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: wallmix.net.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14315