Бишкектин жашоочулары "Тазалыкка" 185 млн сом карыз. Ишкана маселени кантип чечкени жатат?
RU

Бишкектин жашоочулары "Тазалыкка" 185 млн сом карыз. Ишкана маселени кантип чечкени жатат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын тургундарынын "Тазалык" муниципалдык ишканасына болгон карызы 185 млн сомду түзөт. Анын кесепетинен тазалыкчылар маянасын кеч алып жатат дейт борбор калаа башкармалыгынан.

Абоненттердин карызынан улам ишкана кызматкерлеринин эмгек акылары кечиктирилип, атайын техникаларды өз убагында оңдоо иштери жүргүзүлбөй келет.

Ошол себептен "Тазалык" муниципалдык ишканасы бир жылдан ашык убакыттан бери таштанды чыгаруу үчүн акча төлөбөгөн карызы бар жарандардын үйлөрүнө атайын кагаздарды чаптоону сунуштоодо.

"Тазалык" муниципалдык ишканасы шаар аймактарын санитардык тазалоо, шаардын жолдорун оңдоо, сырткы көрктөндүрүү элементтери боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт, ошондой эле борбордун калкынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин каражаттарынын эсебинен катуу тиричилик таштандыларын чогултат жана чыгарат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14319