Садыр Жапаров өлкөдөгү казинолор кандай шартта иштей турганын айтып берди
RU

Садыр Жапаров өлкөдөгү казинолор кандай шартта иштей турганын айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкө башчысы Садыр Жапаров КТРКга берген интервьюсунда өлкөдөгү казинолор кандай шартта иштей турганын айтып берди.

Жапаровдун айтымында, казино маселесин депутаттар демилге көтөрүп чыгышкан.

"Алар Ысык-Көлдө анан Баткенде болсун дешиптир. Мен айтып атам, бардык жакта эле болсун деп. Бишкекте дагы анан облустардын центринде", - деп президент белгиледи.

Жапаров казинолор Кыргызстанда мурда да болгонун айтып, жаштар ал жакта көп акчаларын уттуруп жибергенин белгиледи. Бирок бул ирет андай болбой турганын ишендире айтты.

"Казинону шылтоо кылып, айрым депутаттар биригип алып, казинолорду шантаж кылышкан да. Бизге баланча миллион доллар алып келип бергиле же "отметка" кылгыла деп. Алар төкпөй коюшкан. Анда иштебейсиңер, деп туруп, мыйзамдын бир абзацы менен казинолорду жок кылып салышкан. А эмнеге казино ээлери депутаттарга такча төлөшү керек? Алар ансыз деле миллиондогон долларларды бюджетке төгүп жатышпайбы?", - дейт мамлекет башчысы.

Садыр Жапаровдун айтымында, мындан ары Кыргызстандагы казинолорго кыргыз жарандарына киргенге болбойт, эшигин аттаганга да болбойт. Бул туристтер үчүн ачылган казино болот. Эки өлкөнүн жарандыгы барларга да уруксат берилбейт.

"Биздин балдар кирбейт. Милиция кызматы турат, оозунда камералар турат, паспорту менен кирип акча алмаштырат. Казинонун ээси алардын 5-10 миң долларына кызыгып киргизбейт. Анткени айып пул төлөп, лицензиясынан кур калат. Бийлик карап отурат, контролдоп турабыз", - деп президент баса белгиледи.

Кыргызстандын экономикасынын абалы оор экенин айтып, кырдаалдан чыгуу үчүн түрдүү жолдорду издөө керектигин бегиледи.

"Биз ар кандай жолдорду издеп бюджетти толтурушубуз керек. Ансыз биз айлык төлөй албайбыз, пенсия бере албайбыз, сырткы карыздан кутула албайбыз.

Ошон үчүн эч коркпой казино ачышыбыз керек".

"Анан, рамазан айында, бул арам дегендердин бардыгы жөн эле сөз да. Мисалы арак сатып атпайбызбы. Биз андан налог алып жатабыз, бул эмне арам эмеспи? Акциздерден налог алып жатабыз, чочклордун этин саткандардан салык алып жатабыз, бул казинодон да өткөн арам да", - дейт Садыр Жапаров.

Президенттин айтымында лицензия бергендиги үчүн мамлекеттик казынага миллиондогон акча түшөт. Анын үстүнө ар бир столдон салык төлөнөт.

"Биз казино ачуу менен эки коенду атып жатабыз. Казино ачкың келеби? Пожалуйста отель сал, анан лицензия ал, казино иштете бер. Бирок биздин жарандарды киргизбе. Ошондо бизге сырттан акча кирет. Азыр болсо бизден акча сыртка чыгып кетип жатбайбы", - деди өлкө башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1431