Ошто, Баткенде тургундарды алдап жүргөн деген шек менен 28 жаштагы кыз кармалды
RU

Ошто, Баткенде тургундарды алдап жүргөн деген шек менен 28 жаштагы кыз кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош, Баткен облустарында алдамчылык кылып жүргөн деген шек менен 28 жаштагы кыз кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

Такталгандай, март айында Ош шаарынын 1968-жылы туулган аял милицияга арыз менен кайрылган. Ал чала таанышы ишеничине кирип, банктык маселелерге байланыштуу банктагы 3 млн акчасын ала албай жаткандыгын, аз күндө эсеби ачылса берерин айтып, жабырлануучудан 800 миӊ сом акча алып, ошол боюнча изин жашырып кеткен. Бул факты боюнча 209-берене менен кылмыш иши козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ноокат районунда жашынып жургөн жеринен Кадамжай районунун 1995-жылы туулган Ж.М. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бүгүнкү күндө шектүүнүн үстүнөн Ош шаарынын 4 тургуну милицияга кайрылган. Ошондой эле Ош облусунун, Баткен облусунун көптөгөн жарандары жабыркагандары тууралуу ыкчам маалыматтар бар.

Жогорудагы жарандан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: 0705-15-15-56, 03222-4-82-82.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14325